Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:46
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери айтылды

01.09.2021 17:11
745
Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери айтылды

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга 12-сентябрга чейин кайтып келерин кабарлады. Бул тууралуу анын жакындары Vesti.kg маалымат агенттигине билдирди.


Маалым болгондой, ал азырынча учак билетин сатып ала элек. Кыргызстанга кайтуу мөөнөтү дарыланууга жана анын ден соолугуна байланыштуу болот.


Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 31 -майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга шектелип кармалган. Жана УКМКнын тергөө абагына киргизилген.


26-июлда экс-премьер УКМКнын тергөө абагынан «Авиценна» жеке клиникасына которулган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөгө учууга уруксат берди. УКМКнын маалыматына караганда, мындай чечим саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу кабыл алынган.

Август айынын башында Бабанов дарылануу үчүн Москвага учуп кеткен.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Келди кетти болуп жургон баякы Бабанов да.Сенсация