"Кармоо процедурасы кандайча жүргүзүлдү? Эртең менен алар саат 11де суракка келсин деп үйүнө чакыруу кагазын алып келишти. Биз саат мыйзамды сыйлаган адамдар катары 11де келдик. Алгач күбө катары суракка алынган", - деди жактоочу Амантур Абдрахманов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
"Менин билишимче өкмөт башчы болуп турган кезине тиешелүү суроолор берилген. Ал көп деле убакытка созулган эмес, 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин. Ушул аралык ичиндеги "Кумтөр" боюнча суроолор берилди", - деди Абдрахманов.
Адвокат айтымында, сурак аяктагандан кийин тергөөчү күбө катары чакырганда келүүгө милдеттеме тапшырган.
"Бир маалда тергөөчү убакыт сурады, ал сыртка чыгып кетти, 10 мүнөттөн кийин кайтып келип, аны камакка алуу чечими чыкканын айтты", - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, бүгүн, 31-майда бир топ азыркы жана мурдагы саясатчылар "Кумтөр" ишине байланыштуу УКМКга сыракка чакырылышкан. Ал эми Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча камакка алынган.
Булак: АКИpress
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн