Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өмүрбек Бакиров: Мага карата болуп көрбөгөндөй каралоо жүрүп жатат

16.06.2021 10:49
1023
Өмүрбек Бакиров: Мага карата болуп көрбөгөндөй каралоо жүрүп жатат


"Акыркы убакта менин атыма мурда болуп корбогондой чоң бир саясий каралоо журуп жатат" - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров.


Ал социалдык желелерде мурда соттолгон деген жалган маалымат таратып элдин башын айлантып жатышканын айтып, бул тууралуү мурда эле ИИМ тарабынан такталган маалыматты айтып өттү.


"2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына  оппозициялык "Ата-Журт" партиясынан талапкерлигимди койгон элем. Соттолгонум чын болсо ошондоле талапкер кылып каттамак эмес. Андан кийин 2015-жылы жана 2020-жылдары  да талапкер болгом. Мыйзам боюнча ар бир партия талапкерлерине мурда соттолбогону тууралуу ИИМден справка алып, анан БШК аны талапкер кылып каттайт эмеспи", - деди эл өкүлү. 


Мындан сырткары КСДП фракциясын убактылуу жетектеп калганына токтолуп, ошондон бери кээ бир саясий күчтөр атайын оюндарды жасап жатканын билдирди.


"Жалган маалымат таратып жан баккандарды Кудайга койдум. Элибиз ак-караны ажыратып, кимдин ким экенин билип эле калышты. Жалган маалымат таратып мени атымды кыпындай да булгай албайсынар. Кайра мага дух, куч-кубат берип, эл үчүн ардайым таза, ак эмгек менен иштей бермекчимин.


Саясий аренада түз, таза жана бетме-бет чыгалбай, артыман жалган маалымат тараткан 7-канал сыяктуу жана бир топ фейк аккаунттардын артында кайсыл адамдар, кайсыл саясий күчтөр турганын аябай жакшы билип турабыз", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн