Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу фактысы боюнча сурак берди

30.08.2023 09:29
442
Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу фактысы боюнча сурак берди


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакиров Ош облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.


Мурдагы эл өкүлүнүн айтымында, парламенттик шайлоодо добуш сатып алуу фактысы боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.


«Сурак төрт саатка созулду. Мен жашыруун келишимге кол койдум, бирок бул жерде эч кандай сыр жок. Мага добуштарды сатып алуу боюнча айып тагылууда. Мени айыпталуучу катары суракка алышты», - деди ал.


Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыраткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн