Чын курандын 23, 2025
Убакыт: 00:26
USD
87.00
87.50
EUR
99.90
100.90
RUB
1.065
1.095

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

24.08.2020 09:10
1067
Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду


Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.

"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиев Өмүрбек Исаковичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн