Генерал Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу активист Милан Садыкжан уулу Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Урматтуу Баткен элим, Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Өмүрбек Суваналиев Исакович келди. Жаны өкүлдүн ишине ийгиликтерди каалайбыз! Эң негизгиси чек ара проблемасы чечилсе болгону. Өкүлдүн биринчи орун басары болуп Туллаев Марип дайындалыптыр. Ишиниздерге ийгилик!", - деп билдирүү калтырган.
Бул боюнча өкмөт расмий билдирүү тарата элек.
Пикирлер (2)