Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өмүрбек Текебаев: “Чет элден келген солдат эмес, жакшы ниет, түз мамиле Казакстанда бекем жана узак стабилдүүлүктү орнотот”

06.01.2022 22:37
1861
Өмүрбек Текебаев: “Чет элден келген солдат эмес, жакшы ниет, түз мамиле Казакстанда бекем жана узак стабилдүүлүктү орнотот”


- Акыркы күндөрү Казакстанда оор жагдай түзүлдү. Өз кызыкчылыгын коргоп эл көтөрүлүп, укук коргоо органдары менен кагылышуу болуп, адамдар жабырланышты. Мындай учурда биз – кыргыздар көңүл кош карап тура албайбыз. Казакстандагы кырдаалдын өнүгүшүн тынчсыздануу менен, жакшылыкка үмүт-тилек менен карап турабыз. Мындай жагайдын түзүлүшүнүн себебин мен төмөнкүдөн көрөм:

30 жылдан ашык Казакстанды Назарбаев жана анын кланы башкарып келди. Казакстанда жеке бийлик режими орноду. Сөз эркиндиги, саясий эркиндик чектелип, реалдуу оппоненттердин баары жоготулду, саясий майдан тазаланды.

Казакстан территориясы чоң өкөлөрдүн катарына кирет. Жер алдында эбегейсиз көп байлыктары бар. Мисалы, энергоресурстар: уран, көмүр, газ, нефть, алтын баштаган түстүү металдар ж.б. Бул байлыктар казак элинин кызыкчылыгы үчүн эмес, бир ууч оллигархтардын, Назарбаевдердин жакындарынын кызыкчылыгы үчүн иштетилди. Жада калса текейден арзан чет элдиктерге берилди. Албетте, бул казак элинин намысын ойготот.

2011-жылы Жаңы-Өзөндө эл табигый байлыктарды коргоп көтөрүлгөн. Күч менен басылган. Маселе чечилген эмес. Быйыл Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын литри 50 теңгеден 120 теңгеге (бизчесинен 1 литр газ 9 сомдон 20 сомго көтөрүлгөнү үчүн эле) көтөрүлгөнү үчүн эл чыкты. Көп акча эмес. Биз кыргыздар бензиндин литрин 60 сомдон куюп эле жүрөбүз. Кеп акчада эмес. Кеп намыста. Казактын өзүнүн Кудай берген байлыгы болсо, жердин алдынан чыгып жатса, бааны жөн эле жерден эки эсе көтөрүп, чет элдик компания, же Назарбаевдин жакындары эки эсе пайда көрүп жатканына элдин кыжыры келди. Ошондуктан, жаңыөзөндүктөрдүн протестин кыска эле күндүн ичинде бүт Казакстан колдоп чыкты. Макал бар, “бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деген. Так ушундай жалпы резонанс Казакстанда болду. Муну эч ким күткөн эмес, билген эмес.

Бирок, элдик көтөрүлүштү жетектеген, алардын аракетин координациялаган жоопкерчиликти өзүнө алган, жалпы казак элине таанылган, ишенимине ээ болгон оппозициялык күч, оппозициялык лидерлер жок болуп чыкты. Казактын жер алдындагы байлыгы кандай болсо, оппозициялык-альтернативалык күч так ошондой улуттук байлык. Бирок, андай оппозициялык күч аларда жок болду.

Көчмөн эл алыска сапарга чыкканда жалгыз эмес, бир нече ат менен чыгат. Зарыл болгондо ат алмаштырып, токтобой жүрүп отурат. Саясатта да эл ат алмаштыра ала тургандай болуш керек. Ат чаалыкканда, чарчаганда алмаштыргандай эле, шайлоолор жолу менен эл жаңы саясий күч менен алдыга карай бара алгандай болуш керек. Так ошондой запас жол, ат Казакстанда жок болуп чыкты. Анткени, Назарбаев аны өзү жок кылган. Ошондуктан, элдин деми, элдин жаңылануу үмүтү, көтөрүлүшү максатына жетпей кала тунгандай болуп турат.

Казак туугандарга кайрылат элем. Көтөрүлгөн эл да, бийлик да Казак элинин ынтамагын, биримдигин, Казак мамлекетинин бүтүндүгүн тоболкелге салбай сактап калыш керек. Анын бир гана жолу бар. Сүйлөшүулөрдүн, диалогдордун, компромистердин жолу. Жоопкерчилик оппозициялык маанайдагы лидерлердин эле эмес, биринчи кезекте бийликте – өлкө президенти Токаевде. Президент элге түз кайрылып, кырдаалга так анализ, баа берип, андан чыгуунун жолдорун көргөзүш керек. Саясий реформалар кандай болоорун, кайсыл мөөнөттө бүтөөрүн ачык айтып, “жаңы парламент, конкуренттүү, атаандаштык жол менен таза шайлоо өтүп, эл шайлаган парламент өкмөттү түзүп берет. Кийинки президенттик шайлоого мен катышпайм, өзүңөр жаңы, жаш лидерди тандап алгыла, менин миссиям так ушундай”,- деп жарыялаш керек. Мен ишенем, так ушундай убада саясий стабилдүүлүктү орнотуп, элдин үмүтүн жандырат. Чет элден келген солдат эмес, жакшы ниет, түз мамиле Казакстанда бекем жана узак стабилдүүлүктү орнотот.

Ал эми үч ушундай революцияны баштан өткөргөн биз да Казакстанда бүгүн болуп жаткан окуялардан сабак алып, жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн