28-декабрда Бишкекте белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер "Парламентаризм кечесинде" жолукту. Бул иш-чарада “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентаризм жолунан тайбаш керектигин, диктатура мамлекетти сазга батыра турганын билдирди.
“Бизге парламенттик башкаруу гана ылайыктуу. Эгер авторитардык бийлик болгондо өлүм жазасы кирип, 2013-жылы Ташиев, Жапаров, Мамытовдор атылып кетмек. Аларга өтө оор беренелер менен кылмыш иши козголгон. Буга ал жол ачмак”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн