Конституцияны зордук, алдамчылык жолу менен кабыл алып кетебиз деп жатат. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттык" үналгысында болуп жаткан талкууда билдирди. Анын айтымында, азыркы сунушталып жаткан долбоор мыйзам бузуулар менен сунушталып жатат.
“Конституцияга 80 депутаттан кем эмес топ гана өзгөртүү киргизүүнү сунуш кыла алат. Булар жаңы Конституцияны сунуштап жатат. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, жаңы Баш мыйзамды 80 эмес, 120 депутат да киргизе албайт. Экинчиден, Конституциялык палатадан уруксат сурашы керек эле. Ал органда кворум бир айга чейин болбойт. Булар зордук, алдамчылык менен кабыл алып кетебиз дейт”, - дейт Текебаев.
Пикирлер (2)