Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев элчилик кызматтан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасайбы?

26.08.2021 12:55
1283
Өмүрбек Текебаев элчилик кызматтан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасайбы?


Алгач “Азия Ньюс” гезити Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик кызматка бара турганын жазып, саясый сырды ачыктоо менен коңгуроо кагып койгон. Анан көп өтпөй Германияга элчи болору жарыяланды. Албетте, расмий органдар тактаган эмес. Өмүке да бул боюнча ооз ачып, “ак” же “көк” деп билдирүү жасаган жок. Сыягы, “карт бөрү” күздөгү саясый кырдаалды анализдеп, эки анжы ойдо калганын эшиттик. Эгерде бийликтин күчү кете баштаса, Текебаев дароо позициясын өзгөртүп, саясый майдандын көч башына чыгары калетсиз. Бир эсе алтымыштан жаңы ашкан курагында “сүргүнгө” айдалып, элден обочолонуп калуудан айбыкса керек. Азырынча “Ата Мекендин” лидери алдуу-күчтүү, кылчайнашкан күрөш жүзүндөгү жашоосун таштагысы келбейт. Ал эми элчилик кызматка жетимиш жаштан ашкандан кийин деле барса жетишет да, туурабы? Биздин ой чабытыбыз боюнча Өмүрбек Текебаев аз күндө Европага аттануудан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасоо менен сенсация тартуулайбы?..


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн