Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өмүрбек Текебаевдин телефону УКМКнын имаратына жакын жерден табылдыбы? УКМКнын жообу

02.12.2021 08:18
652
Өмүрбек Текебаевдин телефону УКМКнын имаратына жакын жерден табылдыбы? УКМКнын жообу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети саясатчы Өмүрбек Текебаевдин уюлдук телефону комитеттин имаратынын жанында табылганы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


«Өмүрбек Текебаевге байланыштуу «Парк-отель» мейманканасынын жанындагы кырдаал УКМКга да, анын кызматкерлерине да тиешеси жок жана социалдык тармактардагы жогорудагы маалымат күч органдарына карата чагымчылдык аракет болуп саналат.


Биз саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерден, мамлекеттик органдарды, тактап айтканда, УКМКны мындай аракеттерге айыптоо аракеттеринен алыс болуп, анын ордуна тергөөгө тиешелүү арыз менен кайрылууга чакырабыз», - деп айтылат билдирүүдө.


УКМК жалган жалаа жабуу, мыйзамсыз аракеттерди жасоо, айыптоо, комитетке карата негизсиз айыптоо үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.


Буга чейин саясатчы Өмүрбек Текебаев ага кол салуу болгонун билдирген. Окуя бүгүн, 1-декабрда түштөн кийин «Парк-отель» мейманканасынын жанында болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн