Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 19:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Өндүрүш Токтонасыров БШКнын алдына митингге чыкты

25.08.2020 13:47
1076
Өндүрүш Токтонасыров БШКнын алдына митингге чыкты

 

Борбор калаада жайгашкан Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына активист Өндүрүш Токтонасыров митингге чыкты.


Токтонасыров “Кыргызстан” катталбасын. Шайдалбекова кызматтан кетиңиз. Шайлоо таза өтөбү?” - деген жазууларды көтөрүп чыкты.


Ал акцияга “Кыргызстан” партиясын шайлоого катышуу укугунан ажыратуу талабы менен чыккан. Анын айтымында партия документтерди тапшырууда кеч калган жана шайлоого катышууга укугу жок.


Белгилей кетсек, бардык партиялар 24-август күнү саат 18.00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу. “Кыргызстан” партиясы каттоо журналына ылайык, документтерди саат 18: 01де киргизип, журналдагы убакытты 17:59 чейин оңдотуп койгонунан улам пикир келишпестик жаралган.


Бүгүн, 25-августта, БШК парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмеси боюнча жыйын өткөрүүдө. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйын саат 14.00гө жылдырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн