Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды

29.06.2020 08:44
1182
Өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды


Саламаттык сактоо министрлиги 28-июнга карата өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. 

28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди. Бүгүнтөн баштап №1 шаардык ооруканага  дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган. 

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн  башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн