"Аэрофлот" компаниясы келерки аптадан тарта Россиядан Кыргызстанга каттамдарын жандантат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга макул болгон, Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди министрдин орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн