Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 119 оор жүк ташуучу унаа топтолгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына таянсак, унаалардын топтолушу жүк ташуунун көбөйгөнүнө байланыштуу.
"Бүгүнкү күндө "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 119 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Мындай ыңгайсыз абал эки тараптуу жүк ташуунун көбөйгөнүнө байланыштуу болууда. Башка өткөрмө бекеттеринде мындай абал байкалган жок.
Жеңил унаа жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалач кандай тоскоолдуксуз каттоодо",- деп билдирди Чек ара кызматы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн