Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балатыны алуу иштери башталды

14.01.2021 15:33
453
"Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балатыны алуу иштери башталды

“Ала-Тоо” борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысы алынып башталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэриясынын  басма сөз кызматы билдирди.


Алардын айтымында, алгач “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишке киришти. Алар оюнчуктарды жана башка жасалгаларды жыйнап жатышат. Андан кийин балатынын конструкциясын “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери алышат.


Мындан эки күн мурун, “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлер “Ала-Тоо” аянтындагы башка жаңы жылдык инсталляцияларды жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын жанындагы жана Ак үйдүн имаратынын жанына орнотулган балатыларды алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн