Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Ала-Тоо" технопаркы менен "Бишкек" ЭЭА өз ара кызматташат

26.05.2022 12:50
936
"Ала-Тоо" технопаркы менен "Бишкек" ЭЭА өз ара кызматташат

Бишкекте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда "Ала-Тоо" технопаркы менен "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду.


ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин президенти жана төрагасы Данил Ибраев белгилегендей, бүгүн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында меморандумдун бир бөлүгүнө кол коюлду.


Ошондой эле эртең бир катар документтерге кол коюу пландалууда.


“Анын ичинде “Ала-Тоо” технопаркына инвестиция тартуу, россиялык кесиптештер менен бизнес кызматташуу кеңешин түзүү, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда бизнес-клуб түзүү боюнча буга чейин кол коюлган келишим маселеси бар.


Ал жерде биз бизнес чек араларыбызды мүмкүн болушунча ачык кылуу милдетин койдук, бул канчалык деңгээлде ишке ашарын айтуу кыйын, бирок биз болгон күчүбүздү жумшайбыз. Анткени, бизди бизнес бириктирип, бир багытта бара жатабыз”, - деди Ибраев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн