Бүгүн, 30-июлда өкмөткө "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан 600 кычкылтек концентратору тапшырылды. Бул тууралуу Тынчтык Алтымышев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Аталган фонддун жетекчиси Нурмухамед Минбаев кычкылтек концентраторлорун вице-премьер-министр Аида Исмаиловага тапшырып жатып: "Эл айыгып кетип, ушул аппараттар колдонулбай калса экен", - деди.
Кычкылтек концентраторлору өлкөнүн ар бир районуна 10-15 даанадан бөлүштүрүлүп берилмекчи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн