Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

"Ата-Журт Кыргызстан" №21. Айбек Маткеримов: Миграция - бөбөктөрдүн ыйы... Биз аны токтотобуз!

13.11.2021 18:21
1013
"Ата-Журт Кыргызстан" №21. Айбек Маткеримов: Миграция - бөбөктөрдүн ыйы... Биз аны токтотобуз!


“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын бүгүн, 13-ноябрда Аксы районунун шайлоочулары менен жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов Аксы элине 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхта биринчи жолу акыйкатсыздык үчүн күрөшкө чыккан баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле, ал партия мамлекеттик талап-тоноого, коррупциялык иштерге аралашпаган, аянтка катуу, достукка бекем, эрки күчтүү инсандарды катарына топтогонун белгиледи.


“30 жыл бою кимдерди гана шайлаган жокпуз. Бирок алардын көбү үмүтүбүздүн таш-талканын чыгарышты. Алдыңыздарга келип кооз сүйлөп, таттуу убадаларды берип, парламентке баргандан кийин өз чөнтөктөрүн толтуруу, материалдык байлыгын көбөйтүү менен алектеништи. Мындай жаңылыштыкка эми жол бербейли, туура тандап, туура шайлайлы!


Алдыдагы шайлоо тарыхый шайлоо болуп калышы керек. Буга чейин парламенттик шайлоолор таза өткөн эмес, бир ай калганда бийликтүүсү бийлигин колко кылып, басым жасап, акчалуусун акчасын көтөрүп алып айланчыктап турушчу. А азыр андай эмес. Мүмкүнчүлүк баарына бирдей түзүлдү. Буга чейинки партиянын атын жамынып, чыгаан уул-кызыңыздарды кошуп алып, уул-кызыңарга берген добушту өзүнө алып, парламентке барып калгандар бул сапар кездешпейт. Азыр ар бир талапкерди өзүнчө шайлайсыздар”, – деди Маткеримов.


Ошондой эле, ал миграция маселесине токтолду.


“Канча деген жаштарыбыз өлкөдөн жумуш таба албаганы үчүн сырт жакка кетүүгө аргасыз болду. Уул-кызынын караанына зар болгон ата-энелерибиз жүрөт. Аларга таңдын атышы кылымга тете, алыста жүргөн балдарынан кабатыр алып, эптеп таң атса телефон чалып үнүн угуп алайын деп убайымга түшкөнү калппы? Чоң ата-чоң энелеринин колунда өсүп жаткан бөбөктөрчү? Атанын, эненин мээримине суусап, улууларга көрсөтпөй, бурч-бурчта отуруп ыйлап жатышпайбы?! Аны баарыбыз билебиз. Үй-бүлөлөрдү бириктирүү, кусасыз балалыкты жаратуу үчүн биз туура тандоо жасашыбыз керек! Татыктуу талапкерлер, партиялар парламентке келсе, жумушсуздук көйгөйү чечилет. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы инвестиция тартып, жумуш орундарын түзүүнү ниет кылды. Азыр инвесторлор бизден качат, анткени айрымдар үлүшүн сурап көкөйлөрүнө көк таштай тийген. Биз андай терс көрүнүштөрдү жок кылабыз! Өлкөгө инвестициянын күчү менен жумуш орундарын түзүп, жаштарды сыртка чыгарбай, өз элинде иштеп, татыктуу маяна ала тургандай шарт түзөбүз”, – деди Айбек Маткеримов.


Сөзүнүн соңунда “качкыч эмес, келечекке жол ачкыч, кнопка баскыч эмес, элге пайдалуу мыйзамдарды жазгыч” депутат болууга убада берди.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн