Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:22
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

"Аю" заводун тинтүүдө 264 тонна мыйзамсыз спирт, 13 миң бөтөлкө жасалма акциз маркадагы ичимдик табылды

14.04.2023 21:07
355
"Аю" заводун тинтүүдө 264 тонна мыйзамсыз спирт, 13 миң бөтөлкө жасалма акциз маркадагы ичимдик табылды

 “АЮ” компаниясынын заводун тинтүү учурунда 264тонна мыйзамсыз спирт, ошондой эле акциздик маркасы жок 13 миң бөтөлкө жасалма акциз маркасы менен алкоголдук ичимдиктер табылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Токмок шаарынын аймагындагы өндүрүш ишканаларынын биринде белгисиз адамдар спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз түрдө өндүрүүнү уюштурушкандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. 


Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган иш чара этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. 


Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Бир нече даректерде, анын ичинде Сокулук айылында жана Токмок шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан (“Токмок Буллс” ЖЧК) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 264 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, 13 миң бөтөлкө жасалма акциз маркасы менен спирт ичимдиктери алынды.


Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды. Кошумчалай кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында 118 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул фактыга тиешеси бар башка адамдар такталууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн