Теке 05, 2024
Убакыт: 07:22
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

"Азаттыктын" тажик кызматы чек арадагы кагылыштан 16 адам өлгөнүн кабарлады

03.05.2021 11:04
943
"Азаттыктын" тажик кызматы чек арадагы кагылыштан 16 адам өлгөнүн кабарлады

"Азаттыктын" тажик кызматы Баткен облусундагы чек арада болгон кагылышуудан каза болгон адамдардын санын иликтөөдө. Бул тууралуу "Озоди" басылмасы билдирди.


Маалыматка караганда, тажик бийлиги азырынча чек арадагы окуялардан каза болгондордун жана жаракат алгандардын так санын жарыялай элек. 

"Озоди" кызматынын журналисттеринин маалыматына таянсак, 16 жаран каза болгон. 16-жаран Исфара шаарында кызмат өтөгөн 26 жаштагы офицер болуп чыккан. 


Ал эми бул кагылышта кыргыз тараптан 34 киши каза болуп, 178 киши жаракат алганын жарыялаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн