Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Азия Микс" КВН командасынын мүчөсү Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экенин айтып, “Спекуланттын" директорунун ири суммадагы акчасын ээлеп алган

"Азия Микс" КВН командасынын мүчөсү Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экенин айтып, “Спекуланттын" директорунун ири суммадагы акчасын ээлеп алган

"Азия Микс" КВН командасынын мүчөсү, Маратик каймана аты менен таанымал Марат Жуманалиев кармалды. Маалыматты укук коргоо органдары тастыкташты.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиргендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде ("Алдамчылык") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР жарандары Д.М.С. жана С.А.К. кармалды.


Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, жеке баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Россиянын жараны Ш.В.нын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан.


Белгилей кетсек, Д.М.С. жана С.А.К. убадаларын аткарбай, алынган акча каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору Ш.В. жакындарына кысым көрсөтүшкөн.


Ошондой эле аны коркутушуп, республиканын жогорку жетекчилиги жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.


Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин мойнуна алды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


УКМК республиканын жарандарына укук коргоо жана башка органдар менен маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жол менен көмөк көрсөтүүнү көздөгөн, ошондой эле республиканын жетекчилиги же өкөнүн башка жогорку кызмат-адамдарынын атын сатып, жеке байланыштарым бар деп пайдаланып жүргөн адамдарга ишенбөөнү өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн