Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Барса" менен Азия легендаларынын беттешин кайдан көрсө болот?

30.08.2023 11:38
265
"Барса" менен Азия легендаларынын беттешин кайдан көрсө болот?


“Барселона” менен Азия легендаларынын футболдук беттеши төрт каналдан, ошондой эле ЭлТР телеканалынын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, түз эфир саат 19:40тан тарта жүргүзүлөт. Берүүлөр төмөнкү каналдарда көрсөтүлмөкчү:

• ЭлТР: FacebookYouTube;

• Билим-Илим (ЭлТРдин алдындагы телеканал);

• УТРК Спорт;

• Кыргыз Спорт ТВ.

Оюн 30 мүнөттүк эки таймдан турмакчы.

Эске салсак, "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта жана каталониялык команданын экс-оюнчулары 28-августта аталган клубдун Жалал-Абаддагы футбол академиясынын ачылышына, ошондой Бишкекте Барселона академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышуу үчүн учуп келишкен. Кыргызстанда футбол академиялары жергиликтүү компания сатып алган франшиза менен ачылууда.

Аталган иш-чаранын алкагында "Барселона" менен Азия легендаларынын жолдоштук беттеши өтөт. Оюнга президент Садыр Жапаров катышып, Азия командасынын курамында ойномокчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн