Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

"Баткенден эвакуацияланган эл көчөдө калды деген маалымат чындыкка дал келбейт",- Орунбеков

23.09.2022 14:57
361
"Баткенден эвакуацияланган эл көчөдө калды деген маалымат чындыкка дал келбейт",- Орунбеков

Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.


"Урматтуу достор, тактабай жазаардын алдын моралдык жоопкерчиликти эске алыңыздарчы. Биз ушул жерде турабыз, жумуш жүргүзүлүп жатат. Убактылуу жайгаштыруу жайлары даярдалып, алып кетүү үчүн автобустар токтотулду", - деди ал.


Орунбеков отургандардын көбү менен жеке сүйлөшүп чыккандыгын билдирди. "Айрымдары “туугандарыбыз келсе алып кетели”, деп келгендер экен. Интернеттеги маалыматтарды бөлүшкөндөр, дивандан туруп, бул жакка келиңиздер!", - деп жазган Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн