Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Бирге күрөшөбүз": Медик жубайлар бал айын "кызыл зонада" өткөрүшөт (сүрөт)

29.07.2020 13:16
1238
"Бирге күрөшөбүз": Медик жубайлар бал айын "кызыл зонада" өткөрүшөт (сүрөт)


Жаш дарыгер-фтизиатр  Болот Кырбашев жана анын жубайы - медайым Алия Сулайманова Улуттук фтизиатрия борборунун "кызыл зонасында" иштөөнү чечишти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо уюму Facebook баракчасына жарыялады. 


Маалыматка караганда, жубайлар жакында эле баш кошушкан. 


"Кесиптштер жумуш абдан оор экенин, бейтаптар көп түшүп жатканын, ошондой эле, коргонуучу костюмдарда иштөө кыйын экенин айтып жатышат. Чынында 14 күн бою жабык мекемеде иштөө психологиялык жактан оор. Бирок, мен баары жакшы болоруна ишенем. Биз мамлекетке жардам беришибиз керек. Мындай учурда четте турбаш керек. Биз Алия экөөбүз жакында эле баш коштук.


Башында Алиянын "кызыл зонада" иштеши ойлондуруп жаткан. Бирок, ойлонуп, экөөбүз бир бригадада иштөөнү чечтик. Жакын адамыңдын жаныңда болгону психологиялык жактан жакшы колдоо болмок. Ошондуктан биз бал айыбызды "кызыл зонада" өткөрөбүз", - дейт Болот Кырбашев.


Ал эми Алия Сулайманова жолдошунун жанында иштеши ага колдоо болорун айтат. 


"Кыйын учурда бири-бирибизди колдоп турабыз, бирге күрөшөбүз. Бизди алдын ала COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен иштөөгө даярдашкан", - дейт ал. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн