Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Биримдиктин" жардам кербени Балыкчыда уланды (фото)

05.05.2020 12:57
940
"Биримдиктин" жардам кербени Балыкчыда уланды (фото)


Балыкчы шаарында “Биримдик” партиясынын аймактык уюмунун мүчөлөрү карантин киргенден тарта каражат чогултуп, муктаж болгондорго жардам берип жатышат. Акыркы жума ичинде эле 270 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык пакеттерге ээ болду.



“Биримдик” партиясынын өкүлдөрү шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине жардам берүү максатында 53 социалдык пакет тапшырды. Мындан тышкары коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык станциясынын катардагы 27 кызматкерине ушундай эле жардам берилди.



Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 10 тонна ун таратылып берилген.



Мындай оор күндөрдө эч ким жалгыз калбашы керек”, - дешет партиячылар.



Эскерте кетсек, Кыргызстанда өзгөчө абал киргенден баштап эле “Биримдик” партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары өзүнүн жеке демилгелери менен каражат чогултуп, муктаж болгондорго азык-түлүктөн жардам берүүнү улантууда. Кең пейил кербени аймактан аймакка, шаардан шаарга жигердүү жүргүзүлүп, аз камсыз болгондорго жеринде жардам берилип жатат.



Мисалы, Караколдон Бишкекке 100 тонна картошканы алып келүү кербени уюштурулса, Бишкектен Таласка социалдык пакеттердин кербени жөнөтүлдү. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук уюмунан Бишкек шаарына 2 миңден ашык социалдык пакет уну менен чогуу алынып келди”, - деп жазылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн