Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Бишкек башкы архитектуранын" кызматкерлери көп кабаттуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды

"Бишкек башкы архитектуранын" кызматкерлери көп кабаттуу үйдүн курулушуна мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынан көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү долбоордук документтердин иш-кагаздары текшерилген.


Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, "ГГ" курулуш компаниясы менен жең ичинен келишимге барып, долбоордук документтерди мыйзамсыз берүү менен 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат беришкен.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма  сөз кызматы кабарлады.


Аталган факт боюнча материалдар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320  (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн