"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 5-октябрда билдирүү жасады.
Анын пикиринде, быйыл шайлоодо күрөш бир гана партиялардын ортосунда эмес, адал менен арамдын, чындык менен жалгандын, келечек менен кайдыгерликтин ортосунда жүрдү.
"Шайлоодо шайтандын азгырыгы, туңгуюк, арамдык, караңгылык жеңип кетти. Бул күрөштө бийликтин орду кандай болду? Бийлик накта арам менен аралашып кетти. Бийликтин соңку мезгилде жүргүзгөн эң ыплас, эң мыйзамсыз, туура эмес жүргүзгөн шайлоосу болду", - дед ал.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 16 саясий партиянын ичинен төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү. Алардын бири "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы.
Пикирлер (1)