Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Бомба" жөнүндө жалган маалымат тараткандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат

12.08.2021 09:31
376
"Бомба" жөнүндө жалган маалымат тараткандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат

 Терроризм актысы боюнча жалган маалымат билдирүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

Эсиңиздерде болсун! "Бомба" жөнүндө кабарлоо менен сиз коомдук коопсуздукка  кол саласыз, уюмдардын, ишканалардын кадимки ишинин тартибин бузасыз, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылат, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирилет ж.б. 


 "Бомба" (террордук акт) жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенден кийин - кылмыш бүттү деп эсептелет. Билдирүүнүн формасы ар кандай болушу мүмкүн: оозеки жана жазуу, телефон чалуулар түрүндө. Көбүнчө терроризм актысы тууралуу чалуулар анонимдүү түрдө жасалат, бирок кылмыш жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалыматын атадыбы же атаган жокпу ага  маани берилбейт.


 Сиздин аракетиңиздин мотиви ар кандай болушу мүмкүн: ээнбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин "сапатын" текшерүү каалоосу, уюмдардын, ишканалардын кадимкидей иштөө тартибин бузуу ж.б. Ошол эле учурда, маалымат чындыкка дал келбейт, жардырууну жасоонун же калкты коркутуунун жана адамдардын курман болушунун, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн  максаты жок. 


 Кылмыш жасоо үчүн  санкцияда 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка (жашы жете электер үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат. 

 

 

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн