Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Айтбаев кармалганы айтылууда

24.10.2022 15:12
712
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Айтбаев кармалганы айтылууда
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев өзүн милиция кармап кеткенин билдирди. Ал  милиция аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) алып барганын, азыр ошол жакта отурганын кабарлады.

"Мени бүгүн, 24-октябрда кармап, "Бишкек ШИИБне барасың" дешти. Себебин түшүндүрүшкөн жок. "Кемпир-Абад боюнча кармадыңарбы?" деп сурасам, "ооба" дешти. Түндө үйгө да келишкен экен, бирок эч ким жок болчу", - деди Айтбаев.

Шаардык милиция анын кармалышы тууралуу маалымат бере элек.

Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн