Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюму ӨКМге жол тандабас белек кылды

11.07.2022 09:51
453
"Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюму ӨКМге жол тандабас белек кылды


"Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюму өзгөчө кырдаалдар министрлигине жол тандабас белек кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 7-июль күнү өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен "Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Штефан Гроссе Рюшкамптын жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө аталган уюм тарабынан Toyota Landcruiser 2010 үлгүсүндөгү жол тандабасды өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди.


Министр Бообек Ажикеев өз сөзүндө "Чек арасыз дарыгерлер" уюмуна белек үчүн ыраазычылык билдирип, аталган унаа тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүүгө ыңгайлашып, алгачкы кечиктирилгис жардам көрсөтүү иштерин аткарууга чоң көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн