Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды

25.12.2023 10:51
219
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды


Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотууну баштады.

Салык кызматынан кабарлашкандай, утуш 30-декабрга чейин улантылат.

25-декабрдан 30-декабрга чейин төмөнкү байгелер ойнотулат:

  • 521 — iPhone14;
  • 519 — смартфон;
  • 158 — ноутбук;
  • Дайсон маркасындагы 21 фен.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13.00.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар саат 15.00дө УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн