Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 01:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

"Данчик" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

04.03.2021 22:15
846
"Данчик" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу  4-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.


25-февралдын кечинде борбордогу мейманканалардын биринде уурулук болгон. Белгисиз адам мейманкананын кардары болгон кыздан iPhone 11 телефонун жана банк картасын жана 30 миң накталай акчасын уурдап кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 130 миң сомду түзгөн.


2-мартта жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты бирдиктүү реестрге катталган.


Борбор калаанын милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган Ш.Д. болуп чыккан. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам реестринде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана "Данчик" кылмыштуу каймана аты бар жаран болуп эсептелет.


Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн