Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү 5 жылга эркинен ажыратылды

19.06.2020 13:02
1154
"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү 5 жылга эркинен ажыратылды

 

Криминалдык чөйрөдө "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, судья Адылбек Эсенбаев аны "бейбаштык" беренеси менен күнөөлүү деп табып, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Аны менен бирге айыпталып жаткан Марсбек.Т. жана Ильяс.А. аттуу жарандар 13 жылга эркинен ажыратылып, 190 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

 

Белгилей кетсек, Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. айыпталып жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн