Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Дордойдун" изкубарлары кыргыз милициясынын кадырын көтөрүүдө

26.01.2023 15:45
635
"Дордойдун" изкубарлары кыргыз милициясынын кадырын көтөрүүдө


Акыркы жылдары Кыргызстанда милицияга болгон ишеним төмөндөп кеткени айтылып жүрөт. Бирок бул тармакта өз ишин мыкты билген, кесибин сүйгөн инсандар миңдеп саналат. Мындай мыктылардын катарында атактуу "Дордой" базарындагы милиция бөлүмүндө иштегендер бар экенине толук ынандык. Анткени жакында биздин кызматкерлердин бири базардын айланасындагы мечиттердин биринен буюмдарын (акча, телефон, паспорт, ачкычтар) уурдатып милицияга кабарлаган.


"Мечиттегилер, тааныштардын баары эле "эми табылбайт" деп жатты. Бирок мен милицияга ишендим. Жыйынтыгында "Дордойдун", шаардын милициялары тынымсыз иштеп ууруну кармады. 


Шаардагы ИИМдин  чыгаандары күнү-түнү уктабай мендеги милицияга болгон ишенимди бекемдеди. Министрлик бул кызматкерлердин мындай эрдигин баалап койсо дагы да мыкты иштейт деп ишенем", - дейт биздин кабарчы.


Ушундай кызматкерлер  үчүн министр Улан Ниязбековго, "Дордой" базарындагы милиция бөлүмүнүн башчысына жана андагы ыкчам кызматкерлерге сайтыбыздын атынан рахмат айтабыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн