Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Дордой" футбол клубу түркмөнстандык командага жеңилип калды

28.06.2022 10:15
1423
"Дордой" футбол клубу түркмөнстандык командага жеңилип калды


"Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы алгачкы беттешинде түркмөнстандык "Копетдаг" клубуна жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.


"F" тайпасындагы эки команданын оюну кечээ, 27-июнда Бишкекте жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадионунда болуп өттү. Беттеш 0:1 эсебинде түркмөнстандык команданын жеңиши менен аяктады.


Оюндагы жалгыз голду 45-мүнөттө Батыргылыч Бердиев киргизди. "Дордой" эми 30-июнь күнү Тажикстандын "Худжанд" клубуна каршы оюн өткөрөт. "Худжанд" алгачкы беттешинде "Копетдаг" менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыздаган.


Кечээ ошондой эле Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "Е" тайпасындагы оюндардын алкагында кыргызстандык "Нефтчи" клубу дагы бир түркмөнстандык команда "Алтын-Асыр" менен беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Муну менен алар тайпалык баскычтагы оюндарын жыйынтыктады.


Нурбек Жолдошов башкы машыктыруучулук кылган "Нефтчи" клубу алгачкы айлампада өзбекстандык "Согдиана" клубуна 2:0 эсебинде утулуп калган.


Белгилей кетсек, АФК Кубогу Азия футболунда беделдүүлүгү жагынан экинчи орунда турган клубдар аралык ири турнир. Мелдештин тайпалык баскычында 32 команда 8 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Ар бир тайпадан эң мыкты эки команда суурулуп чыгып, плей-офф баскычына жолдомо алат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн