Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Достук" өткөрүү бекетинде коррупциялык схема аныкталды

18.05.2023 11:47
201
"Достук" өткөрүү бекетинде коррупциялык схема аныкталды

«Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин коррупциялык иштер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Достук» «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты.


Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан.


Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

     Учурда тергөө иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн