Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева "Дүйнө сулуусу-2021" сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагында жазган.
Анын айтымында, анын бүгүнкү күндөгү башкы максаты эл аралык аренада кыргыздын желегин көтөрүү.
«Менин мекеним - Кыргызстан. Бул өлкө бийик тоолорго, шаркыратмаларга, ажайып жаратылышка жана кооз көлдөргө бай», - деп жазган Лазат Нуркожоева.
Эске салсак, декабрь айынын аягында Бишкекте "Мисс Кыргызстан - 2020" сынагы өткөн. Лазат Нуркожоева жеңишке жетип, BMW унаасын сыйлыкка алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн