Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Элдик парламенттин" үч депутаты Жогорку сот тарабынан акталды

17.02.2021 16:14
1072
"Элдик парламенттин" үч депутаты Жогорку сот тарабынан акталды


"Элдик парламенттин" мүчөлөрү Толубай Колубаев, Бекболот Талгарбеков жана Марат Султанов Жогорку Сот тарабынан акталды. Бул тууралуу алардын адвокаттары 24.kg маалымат агенттигине билдирген.


Алардын айтымында, соттолгондор Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 27-295 “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана 27-341 “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүүгө даярдануу” беренелери боюнча айыптар менен тазаланды.


Белгилей кетсек, Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаев буга чейин 14 жылга, күчөтүлгөн тартиптеги колонияда, Марат Султанов 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы алар шарттуу түрдө бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн