Бугу 12, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлү алдамчылыкка шектелип камалды

28.07.2021 09:20
930
"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлү алдамчылыкка шектелип камалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул боюнча Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен ишенимине кирип, "Элиза үй буюмдары" тобундагы абоненттик номурлардан акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алган.


Ошондой эле "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналган. Аталган факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине(Каржы пирамидаларын уюштуруу, башкача айтканда, анын иштешине шарт түзүү. Ага катышуу же финансылык пирамиданы пайдалануу менен финансылык активдерди өстүрүү. Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен байланышкан каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана башкаруу) менен катталган.


Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Э.Б кызы1994-жылы туулган М.О. уулу кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Эске сала кетчү жагдай, жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0553 08-75-57, 0701 00-61-06, 0706 51-51-54 Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0312 43-32-75.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн