Бугу 11, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Эмгек" партиясынын лидери алмашты. Партия шайлоого катышат

13.02.2021 17:36
1185
"Эмгек" партиясынын лидери алмашты. Партия шайлоого катышат

«Эмгек» саясий партиясына бүгүн, 13-февралда Ырысбек Мааткабылов лидер болуп тандалды. Бул тууралуу партиянын съездинде белгилүү болгонун "Азаттык" жазды.


45 жаштагы Мааткабылов 2013-2014-жылдары Бишкектин Ленин райондук акимчилигин, шаардын Дене тарбия жана спорт башкармалыгын жетектеген.

Белгилүү болгондой, курултайда апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык шаарлардан катышуу тууралуу чечим кабыл алынды.


Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин курамынын үчтөн экисин жаңылоо тууралуу чечим кабыл алынды.


“Эмгек” партиясын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскар Салымбеков негиздеген. Андан кийин партияны Нарынбек Молдобаев жетектеп жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн