Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

"Эркек балам эркекке үйлөндү - деген мисалыңарды көрсөткүлө"

12.03.2020 14:20
982
"Эркек балам эркекке үйлөндү - деген мисалыңарды көрсөткүлө"


Аялдынбы, адамдынбы деги эле укук коргоо бул соопкер иш. Адам адам болуп жаралганы аялынынбы, эркегининби укугу абсолюттук түрдө коргоого алынып, телегейи тегиз болуп курулуп калган мамлекет боло элек. "Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өтө өнүккөн, адамдын жашоосунун жыргаалчылыгы эң жогорку деңгээлге жеткен"- деген Япония, Норвегия,Швейцария сыяктуу мамлекеттерде деле "Менин укугум толук корголбой атат. Менин укугумду тебелешти"- дегендер четтен чыгат. Ал эми "Мыйзам талаасына" толук түшүп, укуктук мамлекет деген эмне экенин түшүнүп, мыйзамды сыйлоону күнүмдүк жашоо эрежесине айландыра элек Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерде "укуктун бузулушу" катардагы көрүнүш.


Биздей өнүгүү жолундагы мамлекеттерде ар бир адам өз укугун билүүгө үйрөткөн, окуткан иш-чаралардын болгону коом үчүн жакшы иш.


Тилекке каршы биздин "Адам укугун коргоого" же "Аял укугун коргоо" - деген шылтоо менен өткөрүлгөн ар кандай иш-чаралар акыркы кездерде адам укугун когобой эле кордогонго өтүп алышты.


"Аял укугун коргоо"- деген шылтоо менен акыркы жылдарда өткөрүлгөн иш-чаралардын лозунгдарын карап туруп,булар өтө кара мүртөздүк менен беш негизги коомду талкалоочу максатты көздөгөнүн көрүүгө болот.


Биринчи; Кыргыз улутунун нарк, салтын бузууга тымызын аракет көрүп, коомду руханий жактан талкалоо. Себеби, Кыргыз улутунда кылымдардан бери бузулбай сакталып келаткан эреке менен аялдын ортосундагы ыйман-ынсап мамилени сактаган нарк, салтыбыз бар. Так ошол ыйман,ынсап талкаланса улуттун улут катары сакталышы билинбей бузула баштайт. "Укук коргойбуз"- деп чыккандардын лозундарынын түпкү максаты ушул максатты көздөйт.


Экинчи; Үй-бүлө ынтымагын бузуп, коомдо ынтымагы кетип ырылдашкан-чырылдашкан күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн сыйлабаган үй-бүлөнү жаратуу. Лозунгдарын карагыла? "Чай куйбайм", "Бала төрөбөйм", "Тамак жасабайм", "Кир жуубайм"- дегендин түпкү максаты ар бир аялдын жүрөгүнө "вирус" салып "оорутуу" турат. Мындай "ооруну" жугузган үй-бүлөдө ынтымак кетет. Үй-бүлө бузулат. Коомдо ажырашуулар көбөйөт. Эркек аялдын ортосундагы сый кетет.


Үчүнчү; Коомдогу тынчтыкты бузуп, мамлекеттин тынч багытта өсүшүнө, маданияттын, экономиканын көтөрүлүшүнө тоскоолдук жаратуу. Себеби биздин коомдун ичинде улуттук тарбия насилде өскөндөр тигилердин жөнөкөй "момун" лозунгдарына ызылдап каршы чыгып толкуй турганын, өтө катуу каршылык менен кабыл алышаарын билигенден кийин ого бетер күчөп "Кой терисин жамынган" лозунгдарын көбөйтүшүүдө.


Төртүнчү; Келечек жаш муундардын көз караштарын талкалап, жаштайынан улутун,мамлекетин, Мекенин сүйгөн сезимсиз кайдыгер, "Кайда жашоо жакшы болсо ошол жакта жашай беришим керек да"- деген муунду тарбиялоо аракетин көрүү. Тымызын "Кыргызстанды таштап кетпейлиби?" , "Качпайлыбы"- деген лозунгдарынын түпкү максаттары ошону көздөйт.


Бешинчи; Эң коркунучтуусу келаткан жаш муунду адамдык баалулуктардан ажыратып, "Бары боло бериши керек" "Анын эмнеси бар экен"- деген сыяктуу манкурттук сезимге тарбиялоо. Жанагы "Аял аялга, эркек эркекке үйлөнсө боло берет", Алардын укугу да корголушу керек" - деген лозунгдардын маани-маңызы ошондо жатат. Адам адам болуп жаралганы табият берген мыйзам менен эркек аял болуп жашап тукум улап келатат. Бул жаратылыштын деги эле жандууга берген улуу мыйзамы. Айбанаттар да, ал түгүл өскөн чөп, жер жемиш да ушул "Эркек-аял"- деген гармониянын негизинде жашоо улап өзүн сактайт. Мындан эч кайда кете албайбыз. Ошондуктан айтылат "Жаратылыш эне. Анын астында биз алсызбыз"- деген сөз. Туура адам баласынын ичинде тигилер айткандай эркек эркеке, аял аялга тийген жоруктар болгон. Бирок ал өтө купуя иш. Аны көчөгө чыгып жарыялаш кыргыздар эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн улуттардын нарк, салтына туура келбейт. Дүйнөдө ошондойлорду билип калса ошол замат баштарын алган же өрттөп жок кылган улуттар, мамлекеттер толтура. Эгер эле ошондой болсо купуя жашасын. Болбосо ошондойлорго маани бербей эркин койгон мамлекеттерге кете берсин. Ким жолун тосуп атат? Көчөгө чыгып "Менин укугумду корго"- деп бүт улуттун укугун тебелегенге эч ким жол бербейт. Муну тигил уюштуруучулар жакшы билишет. Бирок коомду тынч койбой бузуп туруш үчүн ишин токтотпойт.


Сырттан келген каражаттын күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн өзүнүн эле бала чакасынын келечегине балта чаап жаткандарга "Силердин эркек балдарыңар эркекке. кыздарыңар кыздарга үйлөнөм деп чыкса эмне дейт элеңер"- деген суроо бергим келет. Акчага го тойдуңар. Анча болду "Мына менин эркек балам эркекке үйлөнөм- деди эле үйлөндүрүп койдум"- деген мисалыңарды да көрсөтпөйсүңөрбү. Башкаларды ууландырып өзүңөр четте калбай.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн