Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

"Факты бергиле": Депутат айым менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти

19.06.2020 13:39
1577
"Факты бергиле": Депутат айым менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти


Бүгүн, 19-июнда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашова менен ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кайым айтыша кетти. 


Милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырып келет деген депуттын пикири менен министрдин орун басары макул болгон жок. 


 "Кылмышты жашыруу үчүн дагы кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жөн эле айыптоонун кереги жок. Факты бергиле", - деди А.Орозалиев. 


Айсулуу Мамашова бир нече мисалдарды келтирип, анын арасынан Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулай Турдалиеванын окуясын айтты. 


"Бул кылмыш үчүн бир дагы кызматкер жаза тарткан жок. Бир аялдын кылмыш иши ал бир нече тергөөчүлөрдү алмаштырмайынча ордунан дагы жылган жок. Ал эми Сокулукта 14 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча маселе парламентте көтөрүлгөндөн кийин гана бир суткада кылмышкерди кармадыңар. Ага чейин бир айлап чара көрүлбөй келген" деди депутат. 


Ошондой эле депутат министрдин орун басарын үнүн көтөрүп сүйлөбөөгө чакырды. 


"Менин ордумда эркек болсо, силер өзүңөрдү кандай алып жүрөт элеңер? Мен аял болгон үчүн ушундай кылып жатасыңар. Өзүңөрдүн жүрүм-турумуңар менен коомдун аялдарга болгон мамилесин көрсөтүп жатасыңар", - деди А.Мамашова. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн