Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Головнойдо" тажик тарап окоп каздыбы? Чек ара кызматынын расмий жообу

22.08.2021 08:24
648
"Головнойдо" тажик тарап окоп каздыбы? Чек ара кызматынын расмий жообу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-августунда болжол менен саат 10:00дө "Головной" суу бөлүштүрүүсү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган.


Кийинчерээк саат 12:00дөр чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КАМАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа), Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.


Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган иштерди Исфара (Тажикстан) шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болгон.


Тез аранын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн