Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ролл-суши даяр азыктарынан сальмонелла табылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундушев билдирди.
Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча балык (лосось) сальмонелла менен ооруган.
“Кафе тармагында бир жеткирүүчү болгон. Балким, балыктын ташылышы дагы ушундай болгондур. Азыр “Империя пицца” кафе тармактарында бардык жагдай аныкталганга чейин япон ашканасын даярдашпайт”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн