"Империя Пиццы" кафесинин тамактарына уулангандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, ууланган адамдардын абалы туруктуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эскерте кетсек, 25-октябрда 12 жаран "Империя Пиццы" кафесинен роллы тамактарын буйуртма берип, андан ууланганын билдирген. Андан бери, ууланган адамдардын саны өсүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн