Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

"Ынтымак ордону" сүзүп токтогон Даниэл Ажиевдин апасына 5 500 сом айып салынды

18.10.2024 11:05
23
"Ынтымак ордону" сүзүп токтогон Даниэл Ажиевдин апасына 5 500 сом айып салынды


Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиевдин апасы Сайкал Ажиевага 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун чечиминде айтылган.


Маалыматка ылайык, анын жоругу "майда бейбаштык" катары бааланган. Сот аны айыпка буга чейин коомдук жайда уят сөздөрдү айтып сөгүнгөнү үчүн жыкты.


Ал эми кечээ саат 14:45те Ажиева Lexus автоунаасы менен жаңы салынган "Ынтымак ордонун" дарбазасын атайын сүзгөн. РИИБге жеткирилип, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.


Ажиева соцтармакта мамлекет алардын үч батирин, эки үйүн жана төрт унаасын тартып алганын билдирген. Ал келини үч кичинекей баласы менен бара турган жери жок экенин айткан.


Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекисттер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн