Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Ынтымак" паркына энергия багы орнотулду

16.08.2021 12:59
616
"Ынтымак" паркына энергия багы орнотулду

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы борбор үчүн жаңы жетишкендиктерди жаратууну улантууда, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, «Ынтымак 2» сейил багынын түндүк-батыш бөлүгүндө фонтандын ичинде жаркырап турган Энергия багы орнотулду.


Металл композициясынын мүнөздүү өзгөчөлүгү анын мөмөлөрү үнөмдөөчү чырактар болуп эсептелинет, жалбырактары ар түстүү боёктор менен сырдалган, бийиктиги болжол менен 5 метрди түзөт.


Белгилей кетсек, инсталляция ишкананын цехинде жасалып, атайын сыр менен капталган.


Бишкек мэриясы калаа тургундарын шаарга, муниципалдык менчикке, ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ишине кам көрүүнү суранаат.


"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздин көчөңүз караңгы болсо, анда ишкананын диспетчердик кызматы сиз үчүн дайыма иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу номерге арыз калтырсаңыз болот: 0777 902-115", - деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн