Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Иш-чарага Садыр Жапаров катышат" деп акча жыйнагандар көбөйдү

02.02.2022 21:30
767
"Иш-чарага Садыр Жапаров катышат" деп акча жыйнагандар көбөйдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү атайын билдирүү таратып, анда ар кандай иш-чараларга өлкө башчысы катышат делип акча талап кылган учурлар көбөйүп жаткандыгын маалымдады.


Билдирүүдө мындай деп айтылат: "Урматтуу кыргызстандыктар, акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, КР президентинин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат.


Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат.


Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн