Түркия полициясы тарабынан өткөн жумада атайын операциянын натыйжасында өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террористтик уюмдун жаңы лидери колго түшүрүлдү. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы лидер Абу аль-Хасан аль-Хашими аль-Курейши Стамбул шаарында колго түшүрүлгөн.
Ал 2019-жылы АКШ тарабынан Иракта жок кылынган мурдагы лидер Абу Бакра аль-Багдаддын ордуна уюмду жетектей баштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн